Факультет экономики и менеджмента

Технология жана биоресурстар факультети

Миссия жана киришүү

Университетибиздин билим берүү, илимий-изилдөө жана тарбия бөлүмү катары Технология жана биоресурстар факультети (мындан ары ТжБР) биздин өлкөдөгү эле эмес, эл аралык деңгээлде да агрардык жождордун арасында бийиктиктерди багындырууга умтулат. Технологиялык факультет биотехнология, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү технологиясы, балык уулоо жана аквамаданият жаатында квалификациялыы адистерди даярдоого жана өлкөнүн эл чарбасынын жалпы эле агрардык секторун өнүктүрүүгө өз салымын кошууда. Факультет 2025-жылга карата биотехнология, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү технологиясы тармактарында республиканын социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы деңгээлине ылайык келген билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окутуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө жетишмекчи.

Миссия жана милдеттер

Факультеттин миссиясы: биотехнология, мал чарбачылыгы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы, балык уулоо жана аквамаданият тармагында жогорку квалификациялуу, интелектуалдык жактан өнүккөн, талаптагыдай адистерди жана илимий кадрларды даярдоо.Аталган миссияны аткаруу үчүн факультетте студенттердин чет тилдерди билүүсүнө, жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсүнө, окутуунун интерактивдүү методдорун колдоно билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат.

  Миссияны ишке ашыруу үчүн факультет төмөнкү негизги милдеттерди аткарышы керек:

  • үзгүлтүксүз билим берүү системасында билим берүү программаларын берүү жолу менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу;
  • илимий-изилдөө ишмердиги, сынчыл ой жүгүртүү, кесипке байланыштуу билгичтигин жана көндүмдөрүн жакшыртуу аркылуу окуп жаткандарды өнүктүрүү;
  • билим берүү чөйрөсүндө студенттерди окутуу боюнча жогорку кесипкөйлүк тажрыйбаны колдонуу;
  • алдыңкы дүйнөлүк практикага негизделген билим берүү ишмердигин иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • биотехнология, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү технологиясы, балык уулоо жана аквамаданият тармагында практикалык-багыттуу, талаптагыдай адистерди даярдоо үчүн “факультет-кафедра-өндүрүш” кызматташтыгын жөнгө салуу жана өнүктүрүү;
  • алдыңкы илимий институттар менен биргелешип ИИИ (Илимий изилдөө иштерин) жүргүзүү;
  • билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, техникалык жана маданий байланыштарды колдоо максатында башка ЖОЖдор, уюмдар менен өнөктөштүктү түзүү жана жөнгө салуу.

        Алгачкы Зоотехникалык факультети 1933-жылдын 1-январында Кыргыз АССРнин Эл агартуу Комиссариатынын буйругуна ылайык,    Кыргыз зооветеринардык институтунун курамында уюштурулган  жана Кыргыз айыл чарба институнун түзүлүү башатында турган факультеттерден.  Факультеттин ачылышы Кыргызстандагы жогорку зоотехникалык билим берүүнүн жана илиминин өнүгүүсүнө негиз салган.

        Зоотехникалык факультет 1974-жылы зооинженердик, ал эми 2005- жылдан баштап айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультети болуп кайра түзүлөт. 2022 – жылдын август айынан баштап факультеттин курамына “Биотехнология жана химия” кафедрасы кошулат жана анын аты “Технология жана Биоресурстар факультети”  болуп  өзгөртүлөт.

        Факультеттин данктуу 90 жылдык тарыхында республикабыздын өндүрүшүнө, илимине чон салым кошкон жети минден ашык жогорку квалификациялуу адистер даярдалган. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин Республиканын айыл чарбасында гана эмес, эл чарбасынын башка тармактарында да үзүрлүү эмгектенип келишет.

        Факультет өзүнүн бай, өзгөчө сыймыктуу тарыхы менен айырмаланат. Атап айтсак, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Ленин жана СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, Социалистик Эмгектин Баатыры, “Манас” орденинин ээси, академик Ч.Т.Айтматов, Кыргыз Республикасынын Президенти болгон С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы кызматын аркалаган, Социалистик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Т.А.Акматов, Кыргыз Республикасынын Компартиясынын мурунку биринчи катчысы Ж.Б.Аманбаев, зоотехникалык факультеттин биринчи бүтүрүүчүсү Худайбергенов Ж (1951- жылдан 1962- жылга чейин Кыргыз айыл чарба институтунун ректору болуп эмгектенген), 1991- жылдан 1996- жылга чейин Кыргыз айыл чарба институтунун ректору болгон, профессор К.А.Алагушев ж.б. белгилүү инсандар зооинженердик факультеттин бүтүрүүчүлөрүү болуп эсептелишет.

        Кыргыз айыл чарба илимдерине чоң салым кошкон факультеттин бир катар бүтүрүүчүлөрү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги жана корреспондент-мүчөлөрү болуп шайланышкан. Алардын катарында академиктер Р.Э.Садыков, И.М.Ботбаев, А.О.Орозбаев, Ж.Ж.Лайлиев,  Айыл чарба илимдеринин докторлору, профессорлор Абдыкеримов А.А., Алагушев К.А., Альмеев И.А., Абдымаликов К.А., Абдрасулов Ы.А., Быковченко Ю.Г., Дуйшекеев О.Д., Деркенбаев С.М., Дьяконов Е.Е., Касымбеков Р.К., Ли В.В., Мезенцев Е.Г., Назаркулов А.Н., Раззаков И.Р., Ажибеков А.С., Рахматов А.Р., Сарбагишев Б.С, Самыкбаев А.К., Чертков В.А., Чортонбаев Т.Ж., Черткиев Ш.Ч., Турдубаев Т.Ж. Шергазиев У.А. ж.б. татыктуу окумуштуулар бар.

        Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө чон салым кошкон мамлекеттик жана чарбалык жетекчилик кызматтарда эмгектенишкен факультеттин бүтүрүүчүлөрү  Умуралиев М.У., Турсунов С.Т., Савитахунов А.С., Асымбеков У.У., Элебесов А., Алышбаев Р., Бебнев И.Т., Логвинов М.И., Турдубаев Ж., Осмонов Б.О., Байтолоев Э.Б., Аширалиев К.Ж. жана башкаларды атоого болот.

        Бүгүнкү күндө “Технология жана Биоресурстар”  факультетинин курамы төмөндөгүдөй 4  кафедрадан турат: М.Н.Лущихин атындагы Мал чарба менеджменти жана аквакультура (каф. башчысы, доцент Алыкеев И.Ж.),  Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы (каф.башчысы, доцент Мааткеримова Ж.М.),  Биотехнология жана химия (каф.башчысы, профессор Арзыбаев М.А.),  Кыргыз жана орус тилдер ( каф.башчысы, доцент Осүбекова Г.Т.). Ошондой эле, факультеттин кафедралаынын алдында заманбап илимий практикалык лабораториялар, окуу борборлору ачылган. Алардын катарын Кыргызстандагы актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган Балык боюнча окуу-өндүрүштүк чарба, Вирусу жок картошканы өстүрүү боюча өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы лабораториясы, жаңы окуу технологияларын колдонуу боюнча Виртуальдык лаборатория жана Академик Ч.Айтматов атындагы окуу-илимий борбору толуктап турушат. 

        Факультеттин профессор – окутуучулар курамында 9 илимдин доктору, профессорлор, 20 дан ашык илимдин кандидаттары, доценттер эмгектенишет. Акыркы жылдарда, Факультеттин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, аудиториялар, кабинеттер заманбап жабдыктар менен камсыздалууда жана окуу-илим багытындагы бир катар эл аралык, улуттук долбоорлор ишке ашырылууда.

      “Технология жана Биоресурстар”  факультети өнүгүүнүн жаңы этабына кадам шилтөөдө. Бүгүнкү күндө факультет айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, биотехнология, зооиженерия, балыкчылык жана стандартташтыруу сыяктуу багыттар боюнча заманбап адистерди даярдоочу Кыргызстандагы бирден бир окуу-методикалык мекеме болуп саналат.

      Факультеттин деканы кызматын баштагы жылдары академик М.Н.Лушихин, профессорлор Алагушев К.А., Абдыкеримов А.А., Разаков И.Р., Самыкбаев А.К., Деркенбаев С.М., доцент Аликеев И.Ж. аркалап келишкен.  2022 жылдан тартып кайра түзүлгөн “Технология и Биоресурстар” факультеттин деканы болуп ветеринария илимдеринин доктору, профессор Акназаров Б.К. эмгектенет.