Факультет экономики и менеджмента

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы

Кафедранын миссиясы

Проф. Б.Сыдыков атындагы «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү технологиясы» кафедрасынын миссиясы билимдүү жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон жаңы типтеги квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында жогорку окуу жайдын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. 

Кафедранын билим берүү боюнча ишмердүүлүгү.

 

  • Теориялык окутуу
  • Практикалык иштер
  • Илимий иштер
  • Эл аралык кызматташтык/долбоорлор
  • Тарбиялык иштер

БАГЫТЫ

Кафедра 610600 Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясынын профилдери боюнча адистерди даярдайт:

Кафедранын бардык ишмердүүлүгү жаңы стандартка жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагындагы илимдин акыркы жетишкендиктерине ылайык түзүлгөн окуу планын негизинде иш алып барууга багытталган.

Кафедранын бардык ишмердүүлүгү жаңы стандартка жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагындагы илимдин акыркы жетишкендиктерине ылайык түзүлгөн окуу планын негизинде иш алып барууга багытталган.

Кафедра бюджеттик негизде илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт:

  1. «Климаттын өзгөрүү шартында помидордун жана калемпирдин келечектүү сортторунун үрөндүүлүгүн изилдөө» – долбоордун жетекчиси, ач.и.к., доцент Осмоналиева К.Н., Капарова Э.Б. жб.
  2. «Жергиликтүү балыктарды кайра иштетүүнүн илимий жактан негизделген ресурс үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгуу жана жогорку аш болумдуу жана биологиялык баалуулугу бар балык тамак-аш азыктарын түзүү» – долбоордун жетекчиси, х.и.к., доцент Ж.М.Мааткеримова, С.П.Тарасова.

 Кафедранын студенттери илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, студенттик конференцияларга, семинарларга докладдар менен чыгышат.

Студент Мукашева Айнуска, Техб-18, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Логистика” кафедрасынын 10 жылдыгына арналган “Логистикалык борборлор – айыл чарбасын өнүктүрүүнүн кыймылдаткычтары” аттуу V Эл аралык илимий-практикалык конференцияда баяндама жасады. Ал «Айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу» деген темада баяндама жасап, II даражадагы диплом менен сыйланды (жетекчилери – доцент, х.и.к. Мааткеримова Ж.М., улуу окут.Капарова Э.Б.).

Магистрант В.Дрешпан Тамак-аш системалары саммити 2021 алкагында өткөн илимий-практикалык конференцияда «Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук» темасында баяндама жасады (жетекчилери – доцент, х.и.к. Мааткеримова Ж.М. ., улуу окут. Капарова Э.Б).

Кафедрада Эразмус+ программасынын колдоосу менен «Ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш логистикасында Болон принциптеринин негизинде магистрдик программаны иштеп чыгуу» долбоорун ишке ашырылуу менен максаты менеджерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча магистрлерди даярдоо долбооруна катышууда. Бул долбоорун негизги максаты ресурсту үнөмдөөчү өндүрүш логистикасы чөйрөсүндө өнөктөш өлкөлөр Россия,  Казакстан жана Кыргызстанда, узак мөөнөттө туруктуу жана экологиялык жактан таза өндүрүш ыкмалары менен өндүрүш тармагын түзүү боюнча улуттук жана эл аралык компаниялардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган. Долбоорго 6 мамлекет (Германия, Франция, Венгрия, Россия, Казакстан жана Кыргызстан), 10 университет катышууда.

2019-жылдын 6-ноябрында Эразмус+ – Продлог долбоорунун алкагында түзүлгөн агроөнөр жай комплексинин логистикасынын виртуалдык лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү.      

Агроөнөр жай комплексинин логистикасынын виртуалдык лабораториясы лабораториялык жана практикалык окууларды өткөрүү, магистранттар үчүн диссертацияларды даярдоо, ошондой эле кайра иштетүү технологиясы жана өндүрүш логистикасы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн колдонулат.

Бул виртуалдык логистикалык лаборатория билим берүүдөгү инновациялык методдорду – билимди активдүү өздөштүрүү ыкмаларын (виртуалдык реалдуулук, 3D – моделдөө, маалыматтык технологиялар) колдонот, бул студенттерге жаңы билимди теренирээк жана эффективдүү пайдаланууга, окуу процессине көбүрөөк колдонууга жана окууга болгон мотивациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Заманбап шарттарда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн логистикалык инфраструктураны түзүү жана айыл чарба чийки затттарын жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүүдөгү логистикалык процесстерди оптималдаштыруу зарыл болуп калды. Бул проблемаларды чечуу агроөнөр жай комплексинде материалдык-техникалык жактан жабдуу жагында кадрларды даярдоонун методикасын өркүндөтүү зарылчылыгы менен байланышкан.

2019-жылдан бери кафедра балык өстүрүү жана аквакультура боюнча билим берүү потенциалын өнүктүрүү боюнча FishEDU эл аралык долбооруна (Чыгыш Финляндиянын UVF университети) катышып келет.

2020-жылдан баштап кафедра «Жогорку сапаттагы айыл-азык-түлүк продуктыларын туруктуу өндүрүү үчүн тармактарды колдоого багытталган жогорку билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү» AgroDEV долбоорунун иш-чараларын ишке ашырууга активдүү катышып келет.

Кафедранын курамы

Мааткеримова Жибек Мааткеримовна

Кафедра башчысы, доцент, х.и.к.

E-mail: maatkerimova.zhibek@mail.ru

Осмоналиева Курманжан Нажипбековна

Доцент ,ач.и.к

Эшимкулова Гулмира Фронтбековна

Доцент , ач.и.к

Тарасова Светлана Петровна

Улуу окутуучу

Оморова Замира Кулманбетова

Улуу окутуучу

Капарова Эльмира Берекеевна

Улуу окутуучу

Примбетова Ляззат Дуйсековна

Улуу окутуучу

Зарлыкова Гулиза Онолдуковна

Улуу окутуучу

Кафедранын тарыхы

Кыргыз агрардык университетинин 70 жылдык мааракесинин алдында 2002-жылдын 8-февралында университеттин ошол кездеги ректору Б.Сыдыковдун жетекчилиги менен технологиялык факультет түзүлгөн. Факультеттин курамына төмөнкүдөй кафедралар кирген: айыл чарба продуктыларын алгачкы иштетүү жана сактоо; айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү; мал чарба продукциясын кайра иштетүү. 2010-жылы кафедралар Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү технологиясы кафедрасы деген аталыш менен бириктирилген. 2019-жылдан баштап кафедрага профессор Б.Сыдыковдун ысымы ыйгарылган. Кафедраны доцент, х.и.к., «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» Маааткеримова Ж.М.жетектеп келе жатат.