Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы

Кафедранын миссиясы

Проф. Б.Сыдыков атындагы «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү технологиясы» кафедрасынын миссиясы билимдүү жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон жаңы типтеги квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында жогорку окуу жайдын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. 

Кафедранын билим берүү боюнча ишмердүүлүгү.

 

  • Теориялык окутуу
  • Практикалык иштер
  • Илимий иштер
  • Эл аралык кызматташтык/долбоорлор
  • Тарбиялык иштер

БАГЫТЫ

Кафедра 610600 Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясынын профилдери боюнча адистерди даярдайт:

Кафедранын бардык ишмердүүлүгү жаңы стандартка жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы акыркы илимий жетишкендиктерге ылайык окуу планын тынымсыз өркүндөтүүгө багытталган.

«Жергиликтүү балыктарды кайра иштетүүнүн жана жогорку аш болумдуу жана биологиялык баалуулугу бар балык азыктарын түзүүнүн илимий негизделген технологияларын өнүктүрүү»-долбоорунун жетекчиси х.и.к.,доцент Мааткеримова Ж.М.аткаруучулар: Тарасова С.П., Капарова Э.Б.

 

Кафедранын студенттери илимий изилдөө иштерине активдүү катышып, студенттердин конференцияларында жана семинарларында докладдарды жасашат.

Тех(б)-23 тайпасынын студенти Мелис кызы Айдана жаш окумуштуулардын жана студенттердин университеттер аралык эл аралык илимий-практикалык конференциясында баяндама жасады жана диплом менен сыйланган (жетекчиси, доцент, х. и.к.,доц. Мааткеримова Ж.М.).

Кафедра Эразмус+ программасынын колдоосу менен «Ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш логистикасында Болон принциптеринин негизинде магистратура программасын иштеп чыгуу» долбоорун ишке ашырууда, анын максаты өнөктөш өлкөлөрдө ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш логистикасы чөйрөсүндө менеджерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат, аларга  Россия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттери кирет. Долбоорго 6 мамлекет (Германия, Франция, Венгрия, Россия, Казакстан жана Кыргызстан) жана 10 университет катышууда.

Бул долбоордун негизинде алынган агроөнөр жайлык логистиканын виртуалдык лабораториясы лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү, магистрдик диссертацияларды даярдоо, кайра иштетүү технологиясы жана өндүрүш логистикасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулат.

2019-жылдан бери кафедра балык өстүрүү жана аквакультура боюнча билим берүү потенциалын өнүктүрүү боюнча эл аралык FishEDU долбооруна да катышып келет (Чыгыш Финляндиянын UVF университети).

2020-23 жылдары баштап кафедра AgroDEV долбоорунун «Жогорку сапаттагы айыл чарба жана тамак-аш азыктарын туруктуу өндүрүү үчүн тармактарды колдоого багытталган жогорку билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга активдүү катышты.

2025-жылдын 23-сентябрынан 25-сентябрына чейин Технология жана биоресурстар факультетинин Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Капарова Эльмира Берекеевна V Эл аралык “Азык-түлүктүн сапаты азык-түлүк коопсуздугу” (FQFS 2025) конференциясына катышты. Конференцияны П.Лумумба атындагы Россиялык Элдердин достугу университети алдыңкы билим берүү жана илимий уюмдардын, ошондой эле өнөктөш компаниялардын колдоосу менен уюштурду.

 

2025-жылдын 24-сентябрында Э.Б. Капарова П.Лумумба атындагы РУДН университетинде, «Тамак-аш коопсуздугу “Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы” билим берүү программасын модернизациялоонун стратегиялык багыты катары» темасында «Кыргыз-Орус университеттеринин ортосундагы илимий жана билим берүү кызматташтыгынын инновациялык формалары» эл аралык тегерек столунун алкагында баяндама жасады.

2025-жылдын 26-сентябрында Э.Б. Капарова Тимирязев атындагы айыл чарба академиясы- Россия мамлекеттик агрардык университетинин технологиялык институтунда болду. Иш сапардын жүрүшүндө технологиялык институттун директорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин доктору, профессор И.А. Бакин, директордун илимий иштер боюнча орун басары, техника илимдеринин кандидаты, доцент А. Мустафина жана мөмө-жемиш, жашылча жана өсүмдүк азыктарын сактоо жана кайра иштетүү кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор А.Х.-Х. Нугманов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун пландары талкууланды.

Э.Б. Капарованын FQFS эл аралык конференциясына катышуусу жана Тимирязев атындагы айыл чарба академиясы Россия мамлекеттик агрардык университетине сапары илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдап, эл аралык байланыштарды кеңейтип, тамак-аш коопсуздугу жаатында тажрыйба алмашууга, билим берүү программаларын модернизациялоонун жана рыноктун талаптарына жооп берген адистерди даярдоонун келечегине жол ачат.

Виртуалдык логистикалык лабораторияда инновациялык билим берүү методдору – активдүү окутуу ыкмалары (виртуалдык реалдуулук, 3D моделдөө, маалыматтык технологиялар) колдонулат, бул студенттерге жаңы билимдерди тезирээк жана эффективдүү берүүгө, билим берүү процессине көбүрөөк тартуу жана көбүрөөк мотивация алууга мүмкүнчүлүгүн берет.

Айыл чарба логистикасынын виртуалдык лабораториясы лабораториялык жана практикалык сабактар ​​үчүн колдонулат:

– бакалавриат программалары (айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы);

– Айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы боюнча магистратура;

– Логистика магистратура программалары

– диссертацияны даярдоо;

– кайра иштетүү технологиясы жана өндүрүштүн логистикасы боюнча илимий-изилдөө жана иштеп чыгуулар үчүн колдонулмакчы.

Кафедранын курамы

Мааткеримова Жибек Мааткеримовна

Кафедра башчысы, доцент, х.и.к.

E-mail: maatkerimova.zhibek@mail.ru

Осмоналиева Курманжан Нажипбековна

Доцент ,ач.и.к

Эшимкулова Гулмира Фронтбековна

Доцент , ач.и.к

Тарасова Светлана Петровна

Улуу окутуучу

Оморова Замира Кулманбетова

Улуу окутуучу

Капарова Эльмира Берекеевна

Улуу окутуучу

Примбетова Ляззат Дуйсековна

Улуу окутуучу

Зарлыкова Гулиза Онолдуковна

Улуу окутуучу

Кафедранын тарыхы

Кыргыз агрардык университетинин 70 жылдык мааракесинин алдында 2002-жылдын 8-февралында университеттин ошол кездеги ректору Б.Сыдыковдун жетекчилиги менен технологиялык факультет түзүлгөн. Факультеттин курамына төмөнкүдөй кафедралар кирген: айыл чарба продуктыларын алгачкы иштетүү жана сактоо; айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү; мал чарба продукциясын кайра иштетүү. 2010-жылы кафедралар Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү технологиясы кафедрасы деген аталыш менен бириктирилген. 2019-жылдан баштап кафедрага профессор Б.Сыдыковдун ысымы ыйгарылган. Кафедраны доцент, х.и.к., «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» Маааткеримова Ж.М.жетектеп келе жатат.