Факультет экономики и менеджмента

Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы

Кафедранын тарыхы

Кыргыз айыл чарба институтунда 1949-жылы орус жана чет тилдери кафедрасы түзүлгөн. Алгачкы кафедра башчысы В.М.Карпов, андан соң З.В.Сорокина, Г.Н.Примуцкий, Д.М.Сеитов, Т.А.Абдыласова, Р.Ч.Чойбеков, Т.Б.Базаркулова, А.А.Бороновдор жетектешкен.1989-жылы мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, анын негизинде жогорку жана орто окуу жайларында кыргыз тили өзүнчө сабак катары окутула башталган. Алгач агрономия факультетинде кыргыз, орус жана чет тилдер кафедрасы түзүлгөн. Кафедраны доцент Р.Ч.Чойбеков жетектеген.

Ал эми, 1990-жылы кыргыз жана орус тилдер кафедрасы өзүнчө кафедра болуп түзүлөн. Кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент А.А.Боронов жетектеген.1992-2011-жылга чейин кафедраны педагогика илимдеринин доктору, профессор Батаканова С.Т. башчылык кылган.

Азыркы учурда кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент  Өсүбекова Г.Т. жетектейт.

Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында мамлекеттик тил кабинети, Ч.Айтматов атындагы кабинет, орус тили кабинеттери уюштурулган. Кафедранын окутуучулары «Кыргыз тилинин практикалык курсу» аттуу окуу куралды жазышып, окуу курал жогорку окуу жайларынын студенттерине окутулууда. Кафедрада жылына кыргыз тилинин көйгөйлүү маселелерине арналган республикалык илимий-практикалык конференциялар, семинар-тренингдер, талкуулар, тегерек столдор өткөрүлүп турат. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү, чыгармалары боюнча студенттер арасында ар жыл сайын «Айтматовдук окуу» өткөрүү салтка айланган. Андан тышкары кафедрада «Чечендик өнөр», «Чыгармачыл жаштар», «Актердук чеберчилик» ийримдери жигердүү иштейт.  Акыркы жылдарда кафедрада бир илимдин доктору (Батаканова С.Т.), бир илимдин кандидаты (Өсүбекова Г.Т.) илимий диссертацияларын коргошту. Беш монография (авторлор: Батаканова С.Т., Өсүбекова Г.Т.) андан тышкары 400 дөн ашык илимий макалалар жарыяланып алардын ичинен 8 илимий макала чет элдик илимий журналдарда жарык көргөн. Профессор Батаканова С. Т. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин  Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз Улуттук Университетинин, Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы Д.13.20.623 диссертациялык кеңешинин төрайымы.

Азыркы учурда кафедрада п.и.д., профессор Батаканова С.Т., ф.и.к., доцент Өсүбекова Г.Т., улуу окутуучулар: Исабекова А.И., Акматова Г.К., ДалбаеваС.С.,Асанова З.С. жана Мамытмусаева И.О. эмгектенүүдө.Кафедранын окутуучулары окуу программаларын, окуу методикалык куралдарды, сөздүктөрдү, методикалык көрсөтмөлөрдү, тексттер жана көнүгүүлөр жыйнактарын иштеп чыгышкан жана  дайыма жогорку окуу жайларында  өткөрүлүүчү Эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышышып, илимий макалалары КУАУнун Жарчысына жарыяланып турат.

Илимий-изилдөө иштери Кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын окутуучулар курамынын илимий-изилдөө иштери

Кафедранын профессордук -окутуучулар курамы  көптөгөн эл аралык, Республикалык, ЖОЖдор аралык илимий конференцияларга, семинарларга жана тегерек столдорго үзгүлтүксүз катышып келишет. Акыркы беш жылдын ичинде 130 дан ашуун илимий макалалардын эки окуу куралын, эки монография жана методикалык колдонмолорду чыгарышты. Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы Казакстан Мамлекетинин жогорку окуу жайлары жана Республикабыздагы Ж.Баласагын атындагы КУУ, КР  УИА,Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, И.Разаков атындагы КТУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Н.Исанов атындагы КМКАТУ, КЭУ, К Карасаев атындагы БМУ, Манас-Турк университети, И.Ахунбаев атындагы КММА, Ала- Тоо эл аралык университеттери менен дайыма илимий байланышта болуп турушат. Кафедранын курамы илимий-изилдөө иштеринде үзгүлтүксүз эмгектенишүүдө. Профессор Батаканова С.Т. педагогика илимий боюнча диссертациялык кеңештин төрайымы. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин  Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз Улуттук Университетинин, Кыргыз Билим берүү Академиясынын алдындагы Д.13.20.623 диссертация кеңешинин төрайымы.

   Улуу окутуучулар  Далбаева С.С. менен Асанова З.С. илмий кандидаттык даражасын алууга темаларынын үстүндө иштөөдө.

Кафедранын курамы

Өсүбекова Г.Т

кафедра башчысы,доцент

osubekova.gulzat@mail.ru

Кеңири...

Батаканова С.Т.

профессор
E-mail: batakanova@mail.ru
Кеңири...

Исабекова А.И

улуу окутуучу
E-mail: almira.isabekova 05@gmail.com
Кеңири...

Акматова Г.Т

улуу окутуучу
E-mail: akmatova @mail.com
Кеңири...

Далбаева С.С

улуу окутуучу
E-mail:saltanatdalbaeva1@gmail.com
Кеңири...

Асанова З.С.

улуу окутуучу
E-mail: zasanova@mail.ru
Кеңири...

Индигараева Ч.Т.

улуу окутуучу
E-mail: Chinaraincligo71@gmailcom
Кеңири...