Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы
Кафедранын тарыхы
Кыргыз айыл чарба институтунда 1949-жылы орус жана чет тилдери кафедрасы түзүлгөн. Алгачкы кафедра башчысы В.М.Карпов, андан соң З.В.Сорокина, Г.Н.Примуцкий, Д.М.Сеитов, Т.А.Абдыласова, Р.Ч.Чойбеков, Т.Б.Базаркулова, А.А.Бороновдор жетектешкен.1989-жылы мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, анын негизинде жогорку жана орто окуу жайларында кыргыз тили өзүнчө сабак катары окутула башталган. Алгач агрономия факультетинде кыргыз, орус жана чет тилдер кафедрасы түзүлгөн. Кафедраны доцент Р.Ч.Чойбеков жетектеген.
Ал эми, 1990-жылы кыргыз жана орус тилдер кафедрасы өзүнчө кафедра болуп түзүлөн. Кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент А.А.Боронов жетектеген.1992-2011-жылга чейин кафедраны педагогика илимдеринин доктору, профессор Батаканова С.Т. башчылык кылган.
Азыркы учурда кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Өсүбекова Г.Т. жетектейт.
Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында мамлекеттик тил кабинети, Ч.Айтматов атындагы кабинет, орус тили кабинеттери уюштурулган. Кафедранын окутуучулары «Кыргыз тилинин практикалык курсу» аттуу окуу куралды жазышып, окуу курал жогорку окуу жайларынын студенттерине окутулууда. Кафедрада жылына кыргыз тилинин көйгөйлүү маселелерине арналган республикалык илимий-практикалык конференциялар, семинар-тренингдер, талкуулар, тегерек столдор өткөрүлүп турат. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү, чыгармалары боюнча студенттер арасында ар жыл сайын «Айтматовдук окуу» өткөрүү салтка айланган. Андан тышкары кафедрада «Чечендик өнөр», «Чыгармачыл жаштар», «Актердук чеберчилик» ийримдери жигердүү иштейт. Акыркы жылдарда кафедрада бир илимдин доктору (Батаканова С.Т.), бир илимдин кандидаты (Өсүбекова Г.Т.) илимий диссертацияларын коргошту. Беш монография (авторлор: Батаканова С.Т., Өсүбекова Г.Т.) андан тышкары 400 дөн ашык илимий макалалар жарыяланып алардын ичинен 8 илимий макала чет элдик илимий журналдарда жарык көргөн. Профессор Батаканова С. Т. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин, Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы Д.13.20.623 диссертациялык кеңешинин төрайымы.
Азыркы учурда кафедрада п.и.д., профессор Батаканова С.Т., ф.и.к., доцент Өсүбекова Г.Т., улуу окутуучулар: Исабекова А.И., Акматова Г.К., ДалбаеваС.С.,Асанова З.С. жана Мамытмусаева И.О. эмгектенүүдө.Кафедранын окутуучулары окуу программаларын, окуу методикалык куралдарды, сөздүктөрдү, методикалык көрсөтмөлөрдү, тексттер жана көнүгүүлөр жыйнактарын иштеп чыгышкан жана дайыма жогорку окуу жайларында өткөрүлүүчү Эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышышып, илимий макалалары КУАУнун Жарчысына жарыяланып турат.
Илимий-изилдөө иштери Кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын окутуучулар курамынын илимий-изилдөө иштери
Кафедранын профессордук -окутуучулар курамы көптөгөн эл аралык, Республикалык, ЖОЖдор аралык илимий конференцияларга, семинарларга жана тегерек столдорго үзгүлтүксүз катышып келишет. Акыркы беш жылдын ичинде 130 дан ашуун илимий макалалардын эки окуу куралын, эки монография жана методикалык колдонмолорду чыгарышты. Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы Казакстан Мамлекетинин жогорку окуу жайлары жана Республикабыздагы Ж.Баласагын атындагы КУУ, КР УИА,Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, И.Разаков атындагы КТУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Н.Исанов атындагы КМКАТУ, КЭУ, К Карасаев атындагы БМУ, Манас-Турк университети, И.Ахунбаев атындагы КММА, Ала- Тоо эл аралык университеттери менен дайыма илимий байланышта болуп турушат. Кафедранын курамы илимий-изилдөө иштеринде үзгүлтүксүз эмгектенишүүдө. Профессор Батаканова С.Т. педагогика илимий боюнча диссертациялык кеңештин төрайымы. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин, Кыргыз Билим берүү Академиясынын алдындагы Д.13.20.623 диссертация кеңешинин төрайымы.
Улуу окутуучулар Далбаева С.С. менен Асанова З.С. илмий кандидаттык даражасын алууга темаларынын үстүндө иштөөдө.
Кафедранын курамы

Өсүбекова Г.Т
кафедра башчысы,доцент
osubekova.gulzat@mail.ru
Резюме
Аты-жөнү: Өсүбекова Гүлзат Темировна
Туулган жылы, күнү: 05.04. 1974.
Туулган жери: Нарын областы, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы
Билими: Жогорку, 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетин аяктаган.Филолог-окутуучу.
Илимий даражасы: –филология илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: –доценттин милдетин аткаруучу
Сыйлыктары: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Профсоюз уюмунун “Грамотасы” -2008, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Ардак грамотасы” -2012, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы” -2013.
Жалпы эмгек стажысы:24
Педагогикалык стажысы:20
Илим изилдөө чөйрөсү: Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык изденүүлөрү
Жарыяланган эмгектердин саны: 22
Окутуу дисциплинасы: Кыргыз тили жана адабияты
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
- Кыргыз тили жана адабияты сабактарын орус тайпаларында окутуу методикасы, Кыргыз Билим берүү Академиясы, 2004.
- 2. GTZ Германия жалпы кызматташтык долбоорунун сертификаты “Борбордук Азиядагы агрардык сектору боюнча адистерди, жетекчилерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курсу”, Бишкек – 2007.
Негизги илимий эмгектери: Кыргыз тили жана адабияты.
Тил билүүсү: Кыргызча, орусча, англисче (сөздүк менен).
Иштөө чеберчилиги: Ийкемдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,ишенимдүүлүк, коммуникативдүүлүк, топ менен биргеликте иштей алуусу,онлайн сабактарды өтө алуусу.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: osubekova.gulzat@mail.ru
Батаканова С.Т.
E-mail: batakanova@mail.ru
Исабекова А.И
E-mail: almira.isabekova 05@gmail.com
Резюме
Аты-жөнү: Исабекова Альмира Ишембековна
Туулган жылы, күнү: 05.06.1955.
Туулган жери: Фрунзе шаары.
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу.
Билими: Жогорку, 1978-жылы Мичурин атындагы педагогикалык институтутун аяктаган. Орус тили окутуучусу.
Илимий даражасы: –
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Профсоюз уюмунун “Грамотасы” – 1996, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы” -2008, Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин „Ардак Грамотасы“- 2018.
Жалпы эмгек стажысы: 44
Педагогикалык стажысы:44
Илим изилдөө чөйрөсү: Орус тилин окутуунун методикасы.
Жарыяланган эмгектердин саны:23
Окутуу дисциплинасы: Орус тили
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
- 1. Орус тилин окутуунун методикасы, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУ- 1994.
- Орус тилин окутуунун методикасы, Кыргыз Билим берүү Академиясы, 2005.
- 3. GTZ Германия жалпы кызматташтык долбоорунун сертификаты “Борбордук Азиядагы агрардык сектору боюнча адистерди, жетекчилерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курсу”, Бишкек – 2007.
Негизги илимий эмгектери: Орус тилин окутуунун методикасы
Тил билүүсү: Кыргызча,орусча, англисче (сөздүк менен).
Иштөө чеберчилиги: Ийкемдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,ишенимдүүлүк, коммуникативдүүлүк, топ менен биргеликте иштей алуусу,онлайн сабактарды өтө алуусу.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: almira.isabekova05@gmail.com.
Акматова Г.Т
E-mail: akmatova @mail.com
Резюме
Аты-жөнү: Акматова Гүлнара Казакбаевна
Туулган жылы, күнү: 09.01.1963
Туулган жери: Фрунзе шаары.
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу.
Билими: Жогорку, 1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин аяктаган. Орус тили окутуучусу.
Илимий даражасы: –
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Профсоюз уюмунун “Грамотасы” – 1994, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы” -2006, Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин „Билим берүүнүн мыктысы“ төш белгиси- 2014.
Жалпы эмгек стажысы: 35
Педагогикалык стажысы: 35
Илим изилдөө чөйрөсү: Орус тилин окутуунун методикасы.
Жарыяланган эмгектердин саны:18
Окутуу дисциплинасы: Орус тили.
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
Негизги илимий эмгектери: Орус тилин окутуунун методикасы.
Тил билүүсү: Кыргызча, орусча, англисче сөздүк менен.
Иштөө чеберчилиги: Ийкемдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,ишенимдүүлүк, коммуникативдүүлүк, топ менен биргеликте иштей алуусу,онлайн сабактарды өтө алуусу.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: akmatova_@mail.ru
Далбаева С.С
E-mail:saltanatdalbaeva1@gmail.com
Резюме
Аты-жөнү: Далбаева Салтанат Сталбековна
Туулган жылы, күнү: 20.10.1974
Туулган жери: Чүй областы, Ыссык-Ата району, Социал айылы.
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу.
Билими: Жогорку, 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетин аяктаган.Филолог-окутуучу.
Илимий даражасы: –
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Профсоюз уюмунун “Грамотасы” – 2008, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Ардак грамотасы” -2019, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Ардак грамотасы” -2020.
Жалпы эмгек стажысы:26
Педагогикалык стажысы: 26
Илим изилдөө чөйрөсү:Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы.
Жарыяланган эмгектердин саны: 8
Окутуу дисциплинасы: Кыргыз тили жана адабияты
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
- Кыргыз тили жана адабияты сабактарын орус тайпаларында окутуу методикасы, Кыргыз Билим берүү Академиясы, 2004.
- 2. GTZ Германия жалпы кызматташтык долбоорунун сертификаты “Борбордук Азиядагы агрардык сектору боюнча адистерди, жетекчилерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курсу”, Бишкек – 2007.
3.Русский язык: современные образовательные технологии в обучении” Шадринский атындагы мамлекеттик педагогикалык университети. 2021.
Негизги илимий эмгектери: Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы.
Тил билүүсү: Кыргызча, орусча, немисче (сөздүк менен).
Иштөө чеберчилиги: Ийкемдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,ишенимдүүлүк, коммуникативдүүлүк, топ менен биргеликте иштей алуусу,онлайн сабактарды өтө алуусу.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: saltanatdalbaeva 1@gmail.com.
Асанова З.С.
E-mail: zasanova@mail.ru
Резюме
Аты-жөнү: Асанова Замира Сурапбековна
Туулган жылы, күнү: 15.06.1980
Туулган жери: Талас облусу, Бакай-Атинский району, Мин-Булак айылы.
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу.
Билими: Жогорку, 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетин аяктаган.Филолог-окутуучу.
Илимий даражасы: –
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Профсоюз уюмунун Грамотасы – 2019, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы -2020.
Жалпы эмгек стажысы: 19 жыл.
Педагогикалык стажысы: 19 жыл.
Илим изилдөө чөйрөсү: Кыргыз тили жана адабияты
Жарыяланган эмгектердин саны: 6
Окутуу дисциплинасы: Кыргыз тили жана адабияты
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
- Кыргыз тили жана адабияты сабактарын орус тайпаларында окутуу методикасы, Кыргыз Билим берүү Академиясы, 2004.
- 2. GTZ Германия жалпы кызматташтык долбоорунун сертификаты “Борбордук Азиядагы агрардык сектору боюнча адистерди, жетекчилерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курсу”, Бишкек – 2007.
Негизги илимий эмгектери: Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы.
Тил билүүсү: Кыргызча,орусча, англисче сөздүк менен.
Иштөө чеберчилиги: Адаптациялоо, ишеним,коммуникативдүү, топ менен биргеликте иштөө, онлайн репутациясында иш билүү.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: asanovazama80gmail.ru
Индигараева Ч.Т.
E-mail: Chinaraincligo71@gmailcom
Резюме
Аты-жөнү: Индигараева Чынара Темирбековна
Туулган жылы, күнү: 26.05.1971
Туулган жери: Фрунзе шаары
Иштеген кызматы жана орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу.
Билими: Жогорку, 1993-жылы Х.Карасаев атындагы БГУнун орус филологиясы факультетин аяктаган. Орус тили окутуучусу.
Илимий даражасы: –
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: Бишкек шаарынын билиим беруу башкармалыгынын грамотасы.Бишкек 2014.
Жалпы эмгек стажысы: 29
Педагогикалык стажысы: 22
Илим изилдөө чөйрөсү: Орус тилин окутуунун методикасы.
Жарыяланган эмгектердин саны: –
Окутуу дисциплинасы: Орус тили.
Стажировкасы жана квалификацияны жогорулатуу курстары: .
- Орус тилин окутуунун методикасы, Кыргыз Билим берүү Академиясы, 2019.
- 2. “Русский язык: современные образовательные технологии в обучении” Шадринский атындагы мамлекеттик педагогикалык университети. 2021.
Негизги илимий эмгектери: Орус тилин окутуунун методикасы.
Тил билүүсү: Кыргызча, орусча, англисче сөздүк менен.
Иштөө чеберчилиги: Ийкемдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,ишенимдүүлүк, коммуникативдүүлүк, топ менен биргеликте иштей алуусу,онлайн сабактарды өтө алуусу.
Дареги жана байланыш номери: (0312) 54-87-48
Эл. почта: chinaraindigo71@gmail.com