Технология жана биоресурстар факультети

Факультеттин миссиясы
Факультет үч кафедрадан турат: «М.Н.Лущихин атындагы мал чарба продукциясын өндүрүүнүн технологиялары» кафедрасы, «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн технологиялары» кафедрасы жана кыргыз , орус тилдери кафедрасы.
Факультетте адистерди даярдоо үчүн жакшы материалдык-техникалык база түзүлгөн. Бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган заманбап класстар (проекторлор, интерактивдүү доскалар); агроөнөр жай комплексинин логистикасынын виртуалдык лабораториясы; балык чарбасы жана аквакультура лабораториясы; айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү технологиясы лабораториясы, заманбап окуу-усулдук кабинеттери.
Факультет жөнүндө
Технология жана биоресурстар факультети
(мурдагы Зооинженер ) университеттин эң алгачкы факультеттеринин бири. 2018-жылы университеттин курамында факультет 85 жылдык мааракесин белгиледи. Факультет иштеп турган мезгилдин ичинде республиканын агроөнөр жай комплекси үчүн минден ашык жогорку квалификациялуу адистер даярдалды. Алардын көбү көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер, илимпоздор болушкан. Алардын арасында Ж.Аманбаев, С.Турсунов, С.Савитахунов, Р.Э.Садыков, И.М.Ботбаев жана башка көптөгөн адамдар бар.Т.А.Акматов, КР экс-президент С.Ш.Жээнбеков.
